№2 ЖББО мектебинде “Ата Мекенди коргоо кунуно” карата Шаардын жана Ленин районунун Ардагерлеринин катышуусунда иш чара болуп өттү
22 февралда биздин мектектепте Ата Мекенди коргочулардын Күнүнө карата
иш-чара өткөзүлдү. Салтанаттуу кечебизге көптөгөн ардагерлер,Бишкек шаарынын Ардагерлер Кеңешинин өкүлдөрү,мэриянын Билим Берүү башкармалыгынын жогорку адистери,Ленин районунун акимиатынын орун басарлары катышышты.
Урматтуу ардагерлерди жана конокторду биздин окуучуларыбыз мектептин кире беришинен баштап эле дүркүрөгөн кол чабуу менен тосуп алышты.
Жыйын залыбызда майрамдык программабыз менен катышуучулардын көнүлүн көтөрдүк.Окуучуларбыз ырдап беришти,бийлеп беришти,көркөм окуп беришти,Булардын баары күү жана тасмалардын үзүндүлөрү менен коштолду.
Адагерлер мектептин Улуу Ата – Мекендик согушка катышкандарга арналган мектептин музейин аралап көп окуяларды эстеште,сүрөткө түшүштү.
Кеченин аягында ар бир ардагерлерге сөз берилди.Алар келерки муундарга өзүлөрдүн акыл-насааттарын ,жакшы калоо-тилектерин айтышты.
Мектептин директору Маразыкова Ч.Б. ардагерлерге сыйлуу белектерди тапшыруу менен өзунүн ыраазычылыгын билдирди.
Комментарии