Кыргызстандык спортчу Шакиров Шакир Гонконгдо болуп өткөн Азия Кубогунда өспүрүмдөр арасындагы Дзюдо боюнча мелдеште алтын медалга э болду
Мектепте спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү
27-ноябрда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү.
Бул салтанатка мектепти жакшы окугандар, ар кандай кароо сынактарга, олимпиадаларга, спорттук мелдештерге катышып жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтө алган окуучулар катышты, жана ошондой эле салтанатка окуучулардын ата-энелери машыктыруучулары катышты.
Окуучулар мектеп тарабынан мактоо баракчалары жана белектер менен сыйланышты. Мектеп директору ата-энелерге жана машыктыруучуларга ыраазычылык кат ыйгарды.
Кыргызстандык спортчу №2 мектептин окуучусу Шакиров Шакир Гонконгдо болуп өткөн Азия Кубогунда өспүрүмдөр арасындагы Дзюдо боюнча мелдеште алтын медалга э болду
Кикбоксинг боюнча Венецияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медалды багындырган 9-б классынын окуучусу 15 жаштагы Айтемиров Омар.
Кыргызстанда өткөн тай боксу боюнча алтын медалга ээ болгон. Тренеринин айтымында Айтемиров Омар жаш курагына карабай көптөгөн мелдештерге катышып байгелүү орундарды багындырган. Анын капчыгындагы медалдардын саны белгилуу чон спортчулардыкынан да көп дейт.
Кыргызстандык спортчу, №2 мектептин бүтөрүүчүсү Илимбек Эсенкул уулу Красноярск (Россия) шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде күмүш байгенин ээси болду.
Комментарии