“Жаш карек” долбоорунун алкагында Талас жергесине болгон сапар.
Бишкек шаардык Мэриясынын демилгеси менен, “Жаш карек” долбоорунун алкагында, улуу жазуучу Ч.Т. Айтматовдун 90-жылдыгына карата иш чара уюштурулуп, 22-ноябрда Бишкек шаарынын жалпы Ленин районунун мектептеринин активисттери Талас жергесине сапар тартышты.
№2 жалпы билим беруу орто мектебинин атынан 11-В классынын окуучусу Талантбек кызы Бегайым барып келди.
Окуучуларды Талас жергесинде Р.Я. Рысакова атындагы №2 орто мектебинин жамааты тосуп алды. Келген конокторго Улуу жазуучу Ч.Т. Айтмотовдун чыгармаларынан узундулор коргозулуп, №2 мектептин таланттуу балдары оз онорлорун тартуулашты.
Сапардын алкагында окуучулар Ч.Т. Айтматов атындагы музей, Ч.Тулебердиевге арналган музейде жана “Манас Ордо” тарыхый комплексинде болушуп, коптогон тарыхый маалыматтар менен жакындан таанышты.
Жалпысынан бул сапар ийгиликтуу болду.
Комментарии