5-октябрь Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү аралыктан белгиленди.
5-октябрь мугалимдер күнү.
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы белгилегендей, өкмөт 5-октябрды Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекиткен. Бул тууралуу токтомго 2014 — жылы кол коюлган.
2020-жылы бүткүл дүйнөлүк пандемия шартына байланыштуу «мугалимдер күнү» аралыктан белгиленди. Кыргыз Республикасынын Премьер Министри К.Боронов жана Билим Берүү жана илим министри К.Исаков мугалимдердин жумушу өзгөчө аралыктан окутуу убагында кыйынчылыктарга дуушар болсо да үзгүлтүккө учурабастан аткрылып жатканын баса белгилеп, куттукташты.
Ушундай өткөөл мезгилге карабастан келечек муундун билимине кайдыгер карабаган биздин агартуучулардын эмгеги зор.
Комментарии