АЛИППЕ МАЙРАМЫ!
АЛИППЕ МАЙРАМЫ! 1 – А КЛАСС КЛАСС ЖЕТЕКЧИСИ: ЖАКЫПОВА ЖАРКЫН КУРМАНБЕКОВНА!
Көз ачып жумганча өткөн убакыттын балдардын пайдасына кандай иштегенин көрсөтүү менен,
бүгүнкү “Кош алиппе” аттуу майрамдык кечебизге кош келиңиздер!
Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер, кымбаттуу мугалимдер, ардактуу окуучулар, жалпы бүгункү майрамдын катышуучулары. Эмесе, ушул кичинекей аруу жүрөк , таза тилек наристелердин күчү менен даярдалган алиппе майрамын баштоого уруксат этиңиздер.
Коңгуроонун күмүш үну чачырап,
Биринчи ирет классына чакырат.
Талпынагой темир канат бөбөктай,
Таалай жолуң ушу бүгун ачылат – деп, коңур күздүн коңгуроо үнү менен кече эле алгачкы билим сабагына келген 1-класстын окуучулары мына бүгүн жыл айланып, бир ашууну ашып отурушат.
КУТТУКТОО СӨЗДY – МЕКТЕПТИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫ БОЮНЧА ДИРЕКТОРДУН ОРУН БАСАРЫ
АБДРАЕВА РИТА БУЛАТОВНАГА БЕРИЛДИ!
КЫМБАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР, МУГАЛИМДЕР, ОКУУЧУЛАР! СИЗДЕРДИ АЛИППЕ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙМЫН! А ТАМГАСЫН ТААНЫТЫП, АНДАН АРЫ ОКУГАНДЫ, ЖАЗГАНДЫ YЙРӨТYП, БАЛДАРГА ТАРБИЯ БЕРГЕН МУГАЛИМДЕРГЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК, ЖЕТИШКЕНДИК ЖАНА ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАЙМ!
Анда эмесе мен сиздерге окуучуларымды тааныштырып өтөйүн.
- Спортко шыктуу шамдагай – Абдибалиев Азирет
- Жакшы окууга ар дайым дилгир – Абдижалалов Элхан
- У бакыт болсо дайыма, жетишсем дейт баарына – Абдимиталипова Наиля
- Өзү тыкан таптаза, биздин эстүү балабыз – Адылбеков Айтегин
- Көңул буруп отурган, билимге дайым кол сунган – Алиева Асема
- Узун бойлуу сулуу кыз, ажарлуу ал ар дайым – Акылбекова Нурайым
- Күлүп турат көздөрү, өзүнө куп жарашкан – Акылбекова Адинай
- Орто бойлуу бою бар, таза тунук ою бар – Андашбаева Раяна
- Эс тутуму байымдуу, оюнкарак мүнөзү – Асанбаев Алинур
- Айтып берет бүт баарын , эмнелерди жаттаса – Бахапов Баястан
- Сабакта да көчөдө, адепти дайым сактаган – Бекжанов Ахмат
- Билимге дайым умтулган, жардамга да кол сунган – Бекмурзаева Адеми
- Сабактарда кунт коюп, көңүл буруп отурган – Бухарбекова Айбийке
- Окусам деп дайыма, мектепке келет шашыла – Жолдошбеков Азимбек
- Оюнкарак мүнөздүү атаман болом деп турат – Жылкайдаров Алинур
- Өзүн таза кармаган, тартиптүү жакшы окуган – Ибрагимова Элина
- Гүлдөй назик пейли бар, гүлдү сүйөр жагы бар – Маматкулова Ясмина
- Себепсиз сабак калтырбайт, таза тунук ою бар – Маматраимова Муслима
- Эл журтуЭл журтуңду урматтап, кызматын кыл ар дайым – Рыскелдиева Нурзат
- Атына заты жарашкан, ал жакшы кыз баарынан – Саадабекова Арууке
- Жарашыктуу бою бар, жакшы окусам деген ою бар – Сайпидинов Жакшылык
- Бою узун шамдагай, суроо берет байма-бай – Салымбеков Мухуддин
- Билимге дайым умтулган, жакшынакай кызыбыз – Сүйүмбаева Фатима
- Оюндагы нерсени, оймолоп таратат баракка – Таалайбеков Оомат
- Окуганды, жазганды оюн менен коштогон – Таштанбеков Бакай
- Таза, тыкан, адептүү, окууга дилгир дайыма – Темирбеков Айдин
- Себепсиз калбайт сабактан, көптү билген жагы бар – Токонов Даниел
- Үйдо билбейм кандайын, мектепте созулат ар дайым – Төлөмүшова Айлин
- Тамашалап сүйлөсө, баарыбызды күлдүрөт – Чырмашев Нурбакыт
- Тапшырманы аткарса айтып берет бут баарын – Шүкүралиев Данислан
- Адеп, тартип сактаган, билимге да умтулган – Элмаров Алишер
Алиппе жөнүндө ырлар
Комментарии