АЛИППЕ МАЙРАМЫ!
АЛИППЕ МАЙРАМЫ! 1 — А КЛАСС КЛАСС ЖЕТЕКЧИСИ: ЖАКЫПОВА ЖАРКЫН КУРМАНБЕКОВНА!
Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер, кымбаттуу мугалимдер, ардактуу окуучулар, жалпы бүгункү майрамдын катышуучулары. Эмесе, ушул кичинекей аруу жүрөк , таза тилек наристелердин күчү менен даярдалган алиппе майрамын баштоого уруксат этиңиздер.
Коңгуроонун күмүш үну чачырап,
Биринчи ирет классына чакырат.
Талпынагой темир канат бөбөктай,
Таалай жолуң ушу бүгун ачылат – деп, коңур күздүн коңгуроо үнү менен кече эле алгачкы билим сабагына келген 1-класстын окуучулары мына бүгүн жыл айланып, бир ашууну ашып отурушат.
Көз ачып жумганча өткөн убакыттын балдардын пайдасына кандай иштегенин көрсөтүү менен, бүгүнкү “Кош алиппе” аттуу майрамдык кечебизге кош келиңиздер!
КУТТУКТОО СӨЗДY — МЕКТЕПТИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫ БОЮНЧА ДИРЕКТОРДУН ОРУН БАСАРЫ АБДРАЕВА РИТА БУЛАТОВНАГА БЕРИЛДИ!
КЫМБАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР, МУГАЛИМДЕР, ОКУУЧУЛАР! СИЗДЕРДИ АЛИППЕ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙМЫН! А ТАМГАСЫН ТААНЫТЫП, АНДАН АРЫ ОКУГАНДЫ, ЖАЗГАНДЫ YЙРӨТYП, БАЛДАРГА ТАРБИЯ БЕРГЕН МУГАЛИМДЕРГЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК, ЖЕТИШКЕНДИК ЖАНА ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАЙМ!
Анда эмесе мен сиздерге окуучуларымды тааныштырып өтөйүн.
- Спортко шыктуу шамдагай – Абдибалиев Азирет
- Жакшы окууга ар дайым дилгир – Абдижалалов Элхан
- У бакыт болсо дайыма, жетишсем дейт баарына – Абдимиталипова Наиля
- Өзү тыкан таптаза, биздин эстүү балабыз – Адылбеков Айтегин
- Көңул буруп отурган, билимге дайым кол сунган – Алиева Асема
- Узун бойлуу сулуу кыз, ажарлуу ал ар дайым – Акылбекова Нурайым
- Күлүп турат көздөрү, өзүнө куп жарашкан – Акылбекова Адинай
- Орто бойлуу бою бар, таза тунук ою бар – Андашбаева Раяна
- Эс тутуму байымдуу, оюнкарак мүнөзү – Асанбаев Алинур
- Айтып берет бүт баарын , эмнелерди жаттаса – Бахапов Баястан
- Сабакта да көчөдө, адепти дайым сактаган – Бекжанов Ахмат
- Билимге дайым умтулган, жардамга да кол сунган – Бекмурзаева Адеми
- Сабактарда кунт коюп, көңүл буруп отурган – Бухарбекова Айбийке
- Окусам деп дайыма, мектепке келет шашыла – Жолдошбеков Азимбек
- Оюнкарак мүнөздүү атаман болом деп турат – Жылкайдаров Алинур
- Өзүн таза кармаган, тартиптүү жакшы окуган – Ибрагимова Элина
- Гүлдөй назик пейли бар, гүлдү сүйөр жагы бар – Маматкулова Ясмина
- Себепсиз сабак калтырбайт, таза тунук ою бар – Маматраимова Муслима
- Эл журтуЭл журтуңду урматтап, кызматын кыл ар дайым – Рыскелдиева Нурзат
- Атына заты жарашкан, ал жакшы кыз баарынан – Саадабекова Арууке
- Жарашыктуу бою бар, жакшы окусам деген ою бар – Сайпидинов Жакшылык
- Бою узун шамдагай, суроо берет байма-бай – Салымбеков Мухуддин
- Билимге дайым умтулган, жакшынакай кызыбыз – Сүйүмбаева Фатима
- Оюндагы нерсени, оймолоп таратат баракка – Таалайбеков Оомат
- Окуганды, жазганды оюн менен коштогон – Таштанбеков Бакай
- Таза, тыкан, адептүү, окууга дилгир дайыма – Темирбеков Айдин
- Себепсиз калбайт сабактан, көптү билген жагы бар – Токонов Даниел
- Үйдо билбейм кандайын, мектепте созулат ар дайым – Төлөмүшова Айлин
- Тамашалап сүйлөсө, баарыбызды күлдүрөт – Чырмашев Нурбакыт
- Тапшырманы аткарса айтып берет бут баарын – Шүкүралиев Данислан
- Адеп, тартип сактаган, билимге да умтулган – Элмаров Алишер
Алиппе жөнүндө ырлар
Комментарии