КОРЕЙ ЖАӉЫ ЖЫЛЫ «СОЛЬНАЛЬ»
КОРЕЙ ЖАӉЫ ЖЫЛЫ «СОЛЬНАЛЬ» – БИРИНЧИ КҮН, АЙ-КҮН ЖЫЛ НААМАСЫ БОЮНЧА.
НЕГИЗГИ МАЙРАМДАРДЫН БИРИ БОЛУП САНАЛАТ.
2024 жылынын 14 февралында биздин мектепте Чыгыш
календары боюнча Корея Республикасынын Жаңы жылы өтүлдү.
Салтанаттуу аземине Билим жана Илим Министирлигинин өкүлдөрү, Бишкек мэриясынын Билим Берүү Департаментинин
башчысы,Корей Билим Борборунун жетекчиси,Ленин районунун Билим Берүү Департаментинин башчысы жана өкүлдөрү катышышты.
Мектепке кире беришинен баштап урматтуу конокторду окуучулар дүркүрөгөн кол чабуу менен тозуп алышты.
Биринчиден коноктор корей кабинетинде ачык сабактын фрагментин көрүшүп,фойедеги китеп көрсөтмөгө көңүл бурушту.
Кыргыз этно-музейдеги Кыргыз элинин баалуу буюмдары, жасалгалары, турак жайы, кийим кече, каада салты, кол өнөрчүлүгү менен
таанышып, ыраазычылык билдиришти.
Жыйын залында конокторду окучуулар кол чабуу менен коштоп тосуп алышты.
Чакан концертик программада окуучулар мектеп жөнүндө видео-ролик көрсөтүштү, бийлешти,ырларды ырдап,корей тилинде жомок айтып беришти.
Катышкан коноктор балдарга ыраазычылыгын билдиришип,жакшы нассаатарын айтышты.
Корей Жаңы жыл аземинин аягында коноктор окуучулар менен чогуу эстеликке сүрөткө түшүштү.
Комментарии